22:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстанда «терроризмди пропагандалоого» айыпталган эки жаран соттолду

28-февралда Актөбө шаардык соту «терроризмди пропагандалоого» айыпталган Куанышбек Жайлаубаевди сегиз, Азамат Баймурзинди жети жылга эркинен ажыратты.

Өкүмгө ылайык, Жайлаубаев жаза мөөнөтүн катаал режимдеги, ал эми Баймурзин жалпы режимдеги абакта өткөрүшөт. Азырынча соттун чечими күчүнө кире эле жана адвокаттар 15 күндүн ичинде аппеляциялык доо арыз жаза алышат.

Былтыр 5-сентябрда кармалган Жайлаубаев менен Баймурзин тагылган айыптарды жарым-жартылай мойундарына алышты.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, кармалганга чейин алар «Ислам мамлекети» террордук тобунун идеяларын жайылтып жүрүшкөн.

Бул ишти караган судья Темиржан Алданов соттун чечими менен соттолгондордон 48 100 теңге (120 доллар) алынып, Жабырлануучуларга компенсация төлөө фондуна берилерин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар