Кыргызстандын «Жалданмачылык» беренеси боюнча изделип жаткан 24 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран 2015-жылы Сирияга чыгып кеткен. Ал жактан диверсанттык-террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөттүк аскерлерге каршы куралчан жаңжалга катышкан.
Ал эмгек мигранты катары КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүргөн.
Учурда ал Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.