01:53
USD 79.04
EUR 93.73
RUB 1.05

Ошто жаз массалык ишембилик менен башталат

1-2-март күндөрү Ош шаарынын аймагын жакшыртуу, санитардык тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү максатында массалык ишембилик өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар, студенттер катышат.

«Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды массалык ишембиликке чакырабыз! Таза үй, таза короо, таза жол, таза шаар таза коомду курат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-сентябрь, ишемби
18-сентябрь, жума