01:58
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Сагынбек Абдрахманов экс-президент менен эмнеге жолугушкусу келбегенин айтты

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаев менен эмнеге жолугушкусу келбей жатканын 24.kg агенттигинде болгон маалымат жыйынында айтып берди. 

Анын билдирүүсүнө караганда, экс-президент бир канча жолу аны менен баарлашууга аракет кылып, баардык маселелерди чечүүгө белсенген. Бирок, Сагынбек Абдрахманов буга макул болгон жок. Айтымында, мурда Алмазбек Атамбаев аны жана кыймылдын мүчөлөрүн сөгүп, урушкан.

«Эми мен аны менен жолуккум келбейт. Биз кандай болгон күндө дагы съездди өткөрөбүз, ага Алмазбек Атамбаевди чакырабыз. Ал баардык суроолорго ачык жооп берсин», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби