17:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

КСДП фракция «КСДП Атамбаевсыз» кыймылын дагы сынга алды

КСДП партиясы «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынынын ишине дагы нараазычылыгын билдирет.

Партиянын катчылыгы кыймылдын 2-февралда өткөн жыйынын сынга алды.

Белгилей кетсек, 2-февралда «КСДП Атамбаевасыз» кыймылы партиянын Бишкек шаардык конференциясын өткөргөн. Анда шаардык координатор болуп Ырысбек Мааткабылов шайланды.

«Ага незининен «Дордой» базарынын сатуучулары катышты. Алар өзүнүн шаардык координатору кылып, 2014-жылы партиянын курамынан чыгып кеткен Рысбек Мааткабыловду тандап алышты. Ал 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын атынан шайлоого аттанган», — деп билдирет КСДП.

Партиянын катчылыгы, Ирина Карамушкина партиянын Бишкек шаары боюнча мыйзамдуу координатору экендигин белгилейт. Партия март айында шаардык конференция өткөрмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар