05:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

КСДП каршылаштарынын максаты — 6-апрелге чейин экс-президентти лидерликтен алуу

КСДПнын каршылаштарынын максаты 6-апрелге чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын лидерлигинен алып салуу. Бул тууралуу саясий кеңештин мүчөлөрүнүн маалымат жыйынында айтылды.

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, КСДПнын мыйзамдуу жалгыз гана лидери Алмазбек Атамбаев. Ал билдиргендей, КСДП өзүнүн съездин 6-апрелде өткөрөт. Анын кебин депутат Асел Кодуранова колдоп чыкты.

КСДПнын саясий кеңешинин пикиринде, Иса Өмүркуловдун 3-апрелде партиянын съездин чакырып алуу тууралуу демилгеси мыйзамсыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума