22:44
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Москвада Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду

Москва шаарында биринчи президент Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу 24.kg агентигине үй-бүлөнүн жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, доктурлар жардам бере алган эмес.

Эскерте кетсек, Аскар Акаевдин төрт баласы бар: Бермет, Айдар, Саадат, Илим. Бермет менен Айдар Жогорку Кеңешке шайланып, депутаттык мандатын «Алга Кыргызстан» партиясынан алышкан. Бул коомдо чоң нааразычылык жаратып, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө Акаевдердин үй-бүлөсү өлкөдөн качып кеткен.

Айдар Акаев Чокубаев киноматографистердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар