02:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Майрам Акаеванын Кыргызстанга келгенин боюнча маалыматты үй-бүлөсү четке какты

Биринчи президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келгени боюнча маалыматты үй-бүлөсү четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК жазып чыкты.

Буга чейин Майрам Акаева «Аэрофлот» менен Бишкекке учуп келгендиги айтылган.

Акаевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда Айдар Акаевдин кыркын өткөрүү пландан жаткандыгы кабарланган.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Ал эми анын жубайы Майрам Акаева акыркы жылдары Женевадагы хансарайында жашаганы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар