01:37
USD 84.71
EUR 102.58
RUB 1.17

Аскар Акаевдин агасы дагы уулунан айрылды

Биринчи президентин агасынын уулу Кубан Акаев каза болду. Бул тууралуу 24.kg агентигине үй-бүлөнүн жакындары тастыктады.

Кубан Акаев — Аскар Акаевдин агасы Чилтен Акаевдин уулу. Ал 59 жашында дүйнө салып, кечээ сөөгү жерге берилди.

Эскерте кетсек, түндө Москва шаарында Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев набыт болгон. 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп калып, доктурлар жардам бере алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар