20:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«КСДП Атамбаевсыз» кыймылы: Алмазбек Атамбаев партиянын легитимсиз лидери

«КСДП Атамбаевсыз» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын легитимсиз лидери деп эсептейт. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында кыймылдын негиздөөчүсү Сагынбек Абдырахманов билдирди. 

Айтымында, Алмазбек Атамбаев партиянын бийлигин басып алган.

«Биз болсо легитимдүү дайындалганбыз, биздин аркабызда карапайым калк турат. Атамбаевдин аркасындагыдай олигарххтар турган жок. Биз баардык өлкө боюнча партиялык жыйындарды уюштурдук, КСДП съездинде делегаттарды шайладык. Күндүн темасында бир гана маселе бар- Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу. Ал лидер эмес», -деди Сагынбек Абдырахманов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума