23:17
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасы. 4 көзөмөл өткөрмө пункт ачуу пландалууда

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 4 көзөмөл өткөрмө пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду кабыл алган.

Анда чек арадагы абал жана эки мамлекеттин туризм тармагындагы, соода-экономикалык алакалары талкууланган. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы 15 өткөрмө пункттун болгону алтоо гана ачык экени айтылды. Быйыл кошумча дагы 4 өткөрмө пункт ачуу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар