23:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзгөн районунун эки айылы ичүүчү суу менен камсыз болду

Бүгүнкү күндө Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти «Цзинь Лун» ЖЧКсы аткарды.

Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, узундугу 8 миң метр суу түтүгү тартылды.

Буга чейин Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун» тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен Ош облусунун калктуу жерлери суусуз калган. Аталган компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар