20:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

«Ак-Босого-1», «Ак-Босого-2» суу алгычтарында оңдоп —түзөө иштерине жана түтүктөрдү жаз-жай мезгилине даярдоого байланыштуу, 2-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин «Ак-Босого» конушунда жана Сары-Челек, Нуркен, Андижан жана Бухара көчөлөрү чектешкен аймакта, анын ичинде: № 81 мектепте, № 2 «Алтынай» бала бакчасында, № 14 ҮМБ, № 15 милициянын участкалык пунктунда жана № 16 муниципалдык аймактык башкармалыгында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Мэриянын берген маалыматына ылайык, жаңы конуштун тургундарына МАБ жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү аркылуу таза суу өчүрүлөрү тууралуу маалымат берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар