23:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Экс-президент көп ката кетиргенин моюндап, эми гана көзү ачылганын билдирди

КСДП фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев журналисттерге алдыда партияда кандай өзгөрүүлөр боло турганын айтып берди.

Мурунку президент саясий уюмда ишенимдүү гана үзөңгүлөштөрү калганына сүйүнгөнүн айтат. Ал эми жагалдангандар жана депутаттык мандат, карьера үчүн партияга киргендер четинин кетип жатат.

Айтымында, расмий түрдө партиянын башында дайыма боло бербейт. Ал президент катары көп ката кетиргенин моюндап, эми көзү ачылганын билдирди.

«Ишенимден өткөн партия мүчөлөрү партиянын рухун сактайт. Биздин партия кудайга шүгүр ар кандай материалдык баалулуктар үчүн келгендерден тазаланууда», -деди Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар