11:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Паспорттогу 5-графаны алып салды. Алмазбек Атамбаевди кайрадан сотко беришти

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди жана каттоо кызматынын мурунку башчысы Тайырбек Сарпашевди паспорттогу 5-графаны кыскартып салгандыгы үчүн сотко беришти. Арызды Кыргызстанга көчүп келген Хайдарали Халиков жазды. 

Маалыматка караганда, арыз ээси 2013-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга «Кайрылман» программасы менен үй-бүлөсүн көчүрүп келген.

«Биз өз улутубузду сактап калалы дегенбиз. Бирок, Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашев паспорттогу «Улуту» деген жерин алып салышты. Бул мыйзамсыз көрүнүш. Муну аныктап үй-бүлөмө келтирилген моралдык зыянды төлөп берүүнү суранам», -деп жазган арыз ээси. Ал чыгымды 6 миллион сомго баалады. Арыз Аламүдүн райондук сотуна берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар