Депутат Зарылбек Рысалиев бүгүн пленардык отурумда президент Сооронбай Жээнбековду мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди кечирип коюуга чакырды.
Эл өкүлүнү айтымында, бул тирешүүлөр өлкөдөгү абалга терс таасирин берүүдө. Ал тургай коңшулардын алдында өлкө шылдыңга кабылып жатат.
Зарылбек Рысалиевдин айткандарын уккан кесиптештери аны алкап кол чаап жиберишти.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде мураскери тууралуу терс пикирин билдирип, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин алдыга чыгаргандыгы анын катасы болгондугун айткан.