02:28
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Автоунаа базарына атайын автоматтык тосмо орнотулат

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. 

Маалым болгондой, унаа базардын аянтынан чогулган ижара үчүн төлөмдөр 2017- жылы 15 млн сомду түзсө, 2018-жылы — 17,6 миллион сомду түзгөн. Бул жылы унаа базардын кирүүсүнө электрондук карталарды колдонуу менен автоматтык тосмо (шлагбаум) орнотуу жана унаа базардын айланасын тосуу иштери пландалган.

Мындан сырткары, унаа базардагы кирешени көбөйтүү жана аянтын кеңейтүү планы коюлууда. Учурда унаа базардын жалпы аянты 9,4 га түзөт. Автоунаа базарына жумасына 2,5 миңге жакын автоунаа кирип чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар