13:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдө алдамчылыкка шектүү делип мурда соттолгон киши кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектүү делип мурда бир нече жолу соттолгон киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр ноябрда шектүү жаран Чүй облусунун жашоочусунун ишенимине кирип, Сокулуктагы жер тилкеси боюнча көйгөйлөрүн чечип берем деген шылтоо менен 1 миң доллар жана 92 миң сом акчасын алган.

Кийин жабырлануучу бул тууралуу милицияга билдирип, арыз менен кайрылган. Шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган жараны кармалды.


Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби