03:21
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Чүйдө соттолуучу келемиштин уусун ичип, өз өмүрүнө кол салууга аракет жасады

Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук сотунда соттолуучу келемиштин дарысын ичип, өз өмүрүнө кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады. 

Өзбекстандын жараны Алишер Асатуллаев соттун чечими менен Кыргызстандын аймагынан чыгарылышы керек эле. 

«Ал буга чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн толугу менен өтөгөн. Милиция Кыргызстанга келүү эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 10 миң сом айып салышкан. Бирок, соттолуучу айыпты төлөгөн эмес. Сот аны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алган, бирок ал келемиштин уусун ичип алууга аракет жасады", -деп билдиришти соттон. 

Эң көп окулган жаңылыктар