01:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЖАМК № 27 түзөтүү колониясында соттолуучунун сабалышы боюнча түшүндүрмө берди

№ 27 түзөтүү колониясында соттолуучунун сабалышы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Р.М. талап-тоноочулук жана уурулук боюнча 13 жылга кесилген.

«Окуянын баардык версиялары каралууда. Жабырлануучунун айтымында, аны башка соттолуучулар сабашкан. Дагы башка маалыматка ылайык, ал өзүнө өзү кол салган», -деп билдиришти ЖАМКтан.

Эске салсак, № 27 түзөтүү колониясында соттолгон жаранды башкалар сабап салды деген маалымат тараган. Окуя 24-декабрдан 25ине караган түнү болгон. Жабырлануучу колониянын кызматкеринин эшигинде илинип турган табличканы жулуп салгандыгы үчүн ур-токмокко алынгандыгы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар