03:05
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Түрмөдө олтургандардын көбүнчө тамак сиңирүү, нерв, дем алуу органдары ооруйт

Кыргызстанда соттолгон жарандар алгачкы жолу медициналык текшерүүдөн өтүштү. Бул тууралуу кылмыш-аткаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин отурумунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, бир кишини текшерүүдөн өткөрүү жарым сааттан кем эмес убакытты алды. Ал эми абалы оор болгондор үчүн дарыгерлер консилиум өткөрүштү.

Соттолгондордун көпчүлүгүнүн тамак сиңирүү органдары жабыркайт. Кийинки орунда 25 пайыз көрсөткүч менен сийдик чыгаруу системасынын бузулушу турат.

«Нерв системасынын бузулушу менен ооругандар 16 пайыз, кан жүгүрүү системасынын бузулушу менен жабыркагандар 9 пайыз, психикалык жактан оорулуулар 6 пайыз, дем алуу органдарынан жапа чегип жүргөндөр 4 пайызды түзөт», -деп билдришти ЖАМКтан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби