09:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну өзүнүн таанышын кетмен менен чаап өлтүрдү

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында тургун өзүнүн таанышын кетмен менен чаап өлтүрдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Баткен ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы кишинин сөөгү Кызыл-Кыянын көчөлөрүнөн табылган. Милиция шектүү катары анын 44 жаштагы досун кармады.

«Эки тургун спирт ичимдигин ичип, ортолорунда чыр чыккан. Шектүү кетменди алып таанышын башка чапкан. Алган жаракатынан улам экинчи тургун каза болгон», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума