Бүгүн Сокулук райондук сотунда белгилүү айым Гүлзат Мамытбектин арызы каралат.
Гүлзат Мамытбек жолдошу менен мүлк жана бала талашууда.
Белгилей кетсек, Гүлзат Мамытбек үч жыл мурда ажырашкан. Ортодогу үч баласы атасы менен калышкан. Гүлзат балдарын өзүнө алмакчы. Өткөн жумада Гүлзат жолдошу жашаган үйгө барып, балдарына жолуга алган эмес. Мурдакы күйөөсү экөөнүн ортосунда чыр чыккан.
«Мен балдарым үчүн, алардын келечеги үчүн күчтүү болом», — дейт Гүлзат Мамытбек.