21:13
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Турагой, кыргызым!» видеолорунун автору сектага барарын мойнуна алды

Акыркы эки жумада интернетке белгилүү болгон «Турагой, кыргызым!» видеолорунун автору Гүлзат Мамытбек сектага барарын мойнуна алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы талаштардан кийин өз баракчасына жарыялады.

Ал Саентологиянын негиздөөчүчү Рон Хаббарддын илиминин окуучусу болорун ачыктады.

Белгилей кетсек, Саентология Россия жана Казакстанда тыюу салынган. Кыргызстанда буга чейин режиссер Эрнест Абдыжапаров саентологияга киргендигин ачык жарыялаган.

Гүлзат Мамытбек учурда Данияда билим алууда. Анын үч баласы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар