17:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Гүлзат Мамытбек: Кыргызстанды сыйлуу эрке күйөө балалуу кылдым

Өзүн Кыргызстандын деми деп атаган эпатаждуу Гүлзат Мамытбек үчүн өтүп бара жаткан жыл ийгиликтүү болду. Ал жакында эле «Жылдын хайпы» деген наам алды. Элдин көңүл борборунда жүрүп, кызуу талкууга чакырык таштаган айым жыл жаңырар алдында америкалык режиссёр испаниялык Хуан Буендиа менен кол кармашып, чакан үй-бүлө түптөгөнгө дагы жетишти. Гүлзат Мамытбек 24.kg агенттигине жолдошу, иштери жана алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү. 

Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды
Фото Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды

— 27-декабрда америкалык режиссёр Хуан Буендиа менен никеге туруп, бир үй-бүлөө курдуңуздар, жолдошуңуз сиздин эркектерге карата жарыялаган 40 талабыңызга жооп береби? Кыргызым дейсиз, неге кыргызга турмушка чыкпадыңыз?

— Буга чейин Хуан Буендианын Кыргызстанга келгенин жарыялагам. Анткени, ал Эквадор, Испания жана Европанын мыкты жигити. Учурда Голливудга умтулууда. Менин 40 талабыма төп келген, сонун киши. Эң башкысы жан дүйнөсү, маанайы, жүзү жарык. Ал мен үчүн деп узактан келди. Алгач таанышкан күндөн тарта эле мени көздүн карегиндей сактап, кол тийгизбей, чаң жугузбай, кызганбай, жакшы көрүп, аяр мамиле кылды.

Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды
Фото Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды

«Никеси жок мамиле кыла албайбыз, ал үчүн Кыргызстанга келишиң керек» дегенмин. Мына эми нике кыйылып, түгөй болдук.

Кыргыз жигиттеринен арасынан менин 40 талабыма жооп берген киши табылбады.

Жолдошум менен Эквадорго барганда чет өлкөлүк досторумдун аркасы менен таанышып калдым. Аларга планетанын деми болом деп клиптеримди көрсөткөн элем, досторум таң калып, «Эквадорго келип дем берип кет» дешкен эле.

Экватордо аба майдандан мени Хуан тосуп алды. Ал мени бир көрүп эле жактырганын айтты. Мен эркектердин көңүл бурганына көнүп калганмын. Ким менен сүйлөшпөйүн мага ашык болушат.

Ошентип, токойго барып клип тарттык. Хуан экөөбүздүн алдыга койгон максаттарыбыз окшош болуп чыкты. Анүстүнө ал тамеки чегип, арак ичпейт, алсыздарга кол көтөрүп сөкпөйт. Эми мына ал Кыргызстандын сыйлуу эрке күйөө баласы болуп калды.

Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды
Фото Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды

Экватордо аба майдандан мени Хуан тосуп алды. Ал мени бир көрүп эле жактырганын айтты. Мен эркектердин көңүл бурганына көнүп калганмын. Ким менен сүйлөшпөйүн мага ашык болушат.

Гүлзат Мамытбек

— Негизи эле сиз өзүңүздү кыргыздын деми деп атап көпчүлүктүн көңүлүн буруп жүрөсүз, көңүл борборунда болуу сизге жагабы?

— Ар дайым көңүлдүн борборунда болгум келет. Ийгилик — бул көңүл. Көңүлдүн борбору бул ийгилик. Канчалык көңүл борборунда болсоң ошончолук ийгиликтүү болосуң.

— Режиссер Хуан Буендиага Кыргызстан кандай таасир калтырууда?

— Мен бул суроону жолдошума берсем, «өзүнөн сурагыла, мен дагы маек берүүгө даярмын» деп айткын деди.

— Кыздарыңыз сиз менен жашап жатканын айтканыңыз бар, режиссёр жигитиңиз менен тааныштырдыңызбы? Жакындарыңыз жолдошуңузду кандай кабыл алышты?

— Хуан Буендиа Кыргызстанга келгенде эле үй-бүлөм менен таанышты. Албетте, биринчи күнү бири-бирибизден уялып, балдар менен кечке жуук тааныштырдым. Улуу кызым биздин мамилени көрүп «ооба, мама сени Хуан чын эле жакшы көрөт экен» деди. Хуандан кийин 2 кызым тең «күйөө десе уруш, жаңжал деп ойлочубуз. Эми көз карашыбыз өзгөрдү. Кийин турмушка чыгабыз» деп калышты.

— Кыргыздар мейманчыл калк келет эмеспи, жолдошуңуз менен таанышып, үйүнө мейманга чакыргандар көп элеби?

-Чакыргандар көп, бирок жаңы жылды утурлай эртеден кечке ар кандай телеберүүлөрдү тартып кол бошобой жатат.

— Казакстанга наам алганы кетип баратам деп маек берген экенсиз жакында эле, боордоштор кандай наам ыйгарышты?

— Мага интернет аркылуу коңшу мамлекеттер да байкоо салып турушат экен. Тажикстандын «Озоди» радиосу «Биздин аялдарга таасир берип атасыз, өз өмүрүнө кол салгандар азайды. Аялдарга дем берип туруңуз» дешип менден интервью алышкан. Казакстандан да чакыруу келип, «Жылдын дем берүүчүсү» деген наам беришти. Коңшуларыбыз абдан жакшы сый көрсөтүп узатышты. 

Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды
Фото Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды

— Инстаграм баракчаңыздан айына канча акча табасыз? Сизди жашоодо олуттуу адам дешет, сиздин коомдук образыңыз акча табуу үчүнбү? Жашоодогу Гулзат кандай киши?

— Жашоодо дагы ушундаймын. Шайыр, шамдагай, позитивдүү жүрөм. Инстаграмдан жакшы акча табам, кыскасы бизди багууда.

— Орусия, Казакстан, Түркияга дем берип келдиңиз, кезек кайсы өлкөлөрдө?

— Кезек Өзбекстан, Кытай, Сингапур жана андан ары узун тизме менен кете берем. Ар бир өлкөгө дем берем. 

Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды
Фото Гүлзат Мамытбектин жеке архивинен алынды

— Көп энергияны кайдан аласыз? Чарчап чаалыгуу дегенди билесизби? Кантип эс аласыз?

— Энергияны китептерден алам, көп окуйм. Дем алыш күндөрүм үй-бүлөмдүн курчоосунда өтөт. Көп ишке жетишип жатканымдын дагы бир себеби жардамчыларым бар, жалгыз эч ким ийгиликке жетише албайт. Ишти тез-тезден кылганга аракет кылам. Аял киши баарына жетиши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар