12:27
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жогорку сот Гүлзат Мамытбековдун мурдакы күйөөсүн актады

Жогорку сот Гүлзат Мамытбековдун мурдакы күйөөсү Талант Курманкуловду актады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Гүлзат Мамытбек Талант Курманкулов сабаганын айтып, милицияга кайрылган.

«Талант Курманкулов толук акталды. Гүлзат Мамытбекдин айткандары такталган жок. Эми биз жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек өзүн «кыргыз деми» деп атап, мотивациялык окууларды өткөрүп келет.

Талант Курманкулов экөөнүн ортодо үч баласы бар.

Жогорку соттун чечимине Гүлзат Мамытбек эч кандай пикирин билдире элек.

Эң көп окулган жаңылыктар