10:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аймак жетекчилеринин ишинен баа берүү критерийлери иштелип чыкты

Район администрация жетекчилерине баа берүү критерийлери иштелип чыкты. Анын негизинде конкреттүү көрсөткүчтөрдүн негизинде алардын ишине баа берилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынында билдирди.

«Үстүбүздөгү жылы региондорду өнүктүрүү өкмөттүн негизги багыттарынын бири катары саналат. Атап айтканда, биз аймактарды колдоого алуу боюнча чаралардын жыйындысын ишке ашырабыз. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу абдан маанилүү», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл атамекендик экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болду.

«Биз коңшуларыбыздын жана стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн ишенимин кайтара алдык. Алар биздин республикага инвестиция салууга жана өз-ара пайдалуу шартта иш алып барууга даяр. Үстүбүздөгү жылы биз алдыбызга чоң милдеттерди коюудабыз жана ушул жыл өлкөбүз үчүн өнүгүү жылдардан болуп калуусуна жетишүүбүз зарыл», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби