20:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Цензура. Төрага «ишенимдүү, алдап кетпеген» журналисттер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 5-февраль күнү айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканы маалым болду. Ага кайсы ЖМК журналисттери катышканы белгисиз.

Парламенттин пресс-кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулунун айтымында, жолугушууга 10дой журналист катышкан.

«Буга чейин мага келип, сүйлөшүп жүргөндөрдү эле чакырып койдук. Мындай «ишенимдүү, алдап кетпейт» деген массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү эле. Анан суроосу бар журналисттерди келгиле дедик. Бейформал жолугушууда төрагага суроосу бар журналисттерге жооп алып бердик. Бул маалымат жыйыны эмес. Эгерде маалымат жыйын болуп калса, баарыңарды чакырабыз», — деп билдирди ал «Марал» радиосуна.

Эң көп окулган жаңылыктар