Депутат Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди отставкага кетүүнү сунуштады. Ал сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Сизге бүгүн берилген көп суроолор кызматтык унааңыз жөнүндө болду. Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев жол тандабас сатып алып, кийин кызматтан кетти. Ал эмнеге кызматтан кетпей отурат? Коопсуздук кеңештин жыйынында президент транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматты ээлегенге моралдык укугу жок экенин айтты. Ал да кызматтан кетти. Бул киши кете албай кыйналып жатат. Сиз бизди да, элди да кыйнабай эле кетип калсаңыз жакшы болмок», — деди Рыскелди Момбеков.
Жогорку Кеңештин жыйынында «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланды.

