14:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Айбек Жунушалиев мэр кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Мурунку мэр Айбек Жунушалиев президент администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызматты мурда Кубатбек Кожоналиев аркалап турган.

45 жаштагы Айбек Жунушалиев өткөн жылдын август айында кызматка киришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар