16:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда Элдердин ынтымагы күнүн уюштуруу сунушталды

Кыргызстанда Элдердин ынтымагы күнүн уюштуруу сунушталды. Бул тууралуу социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Евгения Строкова айтып чыкты.

Депутаттар «Кыргызстандын улуттук салттык музыкасын уюштуруу тууралуу» ЖКнын токтомунун аткарылышын карашты. Отурумда улуттук кийимдерди таанытуу тууралуу маселе көтөрүлдү.

«Балким, кимдир бирөөлөргө улуттук кийимге көп басым жасап жаткандай сезилер. Бирок, биз мисалы Ак калпак күнүн кызыл дата кылган жокпуз», -деди ал.

«Кыргызстанда жашаган баардык улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип чыгышкан бир күн болсо жакшы болмок», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар