23:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын элчилерин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Украинанын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко, Индия Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Алока Амитабх Димри, Куба Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Эмилио Певида Пупо, Словакиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Милан Коллар жана Ливан Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жискар Эль-Хуринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошууга ишенимин билдирди.

Ар бир элчи менен сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири тармагы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкта Кыргызстан айыл чарба, транспорттук жана авиа байланыштар, туризм, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, илим жана техника, өлкөнү санариптештирүү тармактарында мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар