12:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкектин түштүк кичи райондору жылуулуксуз калышты

Бишкектин түштүк кичи райондору жылуулуксуз калышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган аймактагы үйлөр жылуулуксуз калды деп социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып чыгышкан.

«Талаада калган отчетторду алыш керек. 11-12-кичи райондордо, Асанбайда жана 6-кичи райондо жылуулук жана ысык суу жок», -деп жазган Аделя Лаишева.

Бишкектиктер 4-5-кичи райондордо дагы жылуулук жок деп айтышууда. Дагы бир окурман 12-кичи райондо 2 күндөн бери жылуулук жок экенин айтат.

«Бишкекжылуулук түйүнү» ААКсы кечээ кичирайондордо жылуулук түйүндөрүндө авария болду деп билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар