Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Бейбут Атамкулов мамлекеттик чек арадагы жаңжалды телефон аркылуу талкуулашты.
Буга чейин маалымдалгандай, кечээ Талас облусунда белгисиз бирөөлөр чек ара аркылуу Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 10-15 чакты жылкы алып өтүүгө аракет кылышкан. Аларды кармоо учурунда каршылык көрсөтүшкөн. Чек ара кызматкерлери курал колдонууга мажбур болуп ок чыгарганда, бир кишиге тийип, ал каза болгон.
Учурда эки өлкөнүн тиешелүү органдары бул маселе боюнча иш алып барууда. Ал эми көз жумган адамдын жакындарына колдоо көрсөтүлүүдө.