20:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кубатбек Боронов энергокомпанияларды кыш бүткөнгө чейин эс албоого чакырды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергокомпанияларды кыш бүткөнгө чейин эс албоого чакырды. Бул тууралуу ал күзгү-кышкы мезгилге даярдануу боюнча республикалык штабдын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, кыш салыштырмалуу жылуу болду, бирок мезгил бүтө элек. «Азыр күн жылуу, ошондой болсо дагы жылуулук сезону бүткөнгө чейин эс албагыла. Балким күн сууп кетет», -деди Кубатбек Боронов.

Отурумда күндүн жылуу болуп жатканына карабай айрым облустар электр энергиясын падаланууда лимиттен ашып кетишкени айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар