06:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды

А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Маданият, маалымат жана туризм министринин мурунку орун басары Фархад Бекманбетов дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине труппанын жетекчиси Данияр Бөлөкпаев билдирди.

Маалыматка караганда, артисттер буга каршы чыгышууда. Цирктин жамааты гимнаст, жаачы Аида Акматалиеванын талапкерлигин көрсөткөн, бирок анын талапкерлиги өтпөй калды.

Фархад Бекманбетовдун буга чейин кызматтык милдетин аткара албагандыктан иштен кеткен деген маалымат бар.

Эске салсак, 21-январда цирктин артисттер Ак үйдүн алдында митингге чыгып, Маданият, маалымат жана туризм министри алардын айткандарын укпай, жетекчиликке башка кишини алып келгени жатат дешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар