23:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз циркинин артисттери кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты

А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин 34 артисти нааразычылык белгисин кылып кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.

Труппа жетекчиси Данияр Бөлөкпаевдин жетекчилиги алдында артисттер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына келишти. Алар мекеменин алдына буга чейин алышкан сыйлыктарын, кубок, диплом, ардак грамоталарын тизип коюшту. 

«Биз мунун баарын Маданият министрлигине беребиз. Цирктин жетекчилигине талапкерлердин бири, Маданият министринин мурунку орун басары Фархад Бекманбетов биздин катышуубузда цирктеги окуялар болду деп күнөө койду. Биздин колубузда эмне болсо ошолорду алып келдик, сыйлыктарды тапшырабыз. Ал эми Фархад Бекмамбетовду сотко беребиз», -деди Данияр Бөлөкпаев. 

Эске салсак, буга чейин цирктин артисттери Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго директорду кызматтан бошотуу тууралуу арызы менен кайрылышкан. Цирктеги эреже бузуулар тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары дагы айтып келишкен. Депутат Аида Касымалиева аталган маданий жайда жемкорлук гүлдөп жатат деп билдирген болчу. Анын сөзүн Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы тастыкташты, көп сандаган эреже бузуулар аныкталды.

«Мен кызматтан кетүү тууралуу арызды өз ыктыярым менен жаздым. Мени эч ким кызматтан бошоткон жок», -деп билдирген Курмангазы Исанаев иштен кеткен. Анын ордуна жетекчилик кызматка бир канча талапкердин ысымы аталууда. Алардын арасында жаачы Аида Акматованы жалпы жамаат колдой тургандыгын билдиришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар