14:15
USD 77.22
EUR 87.19
RUB 1.08

Кыргыз циркинин кайра жанданууга дарамети жетиштүү

1962-жылы алгачкы жолу «Жаш Кыргызстан» цирк труппасы уюштурулуп, бир жылдан кийин 20-октябрда биринчи ирет цирк аренасына чыгып, республиканын калкына оюн көрсөтүшкөн. Бул күн кыргыз циркинин жаралган күнү катары эсептелет. Программанын алгачкы номери улуттук оюндардын негизинде түзүлүп, анда акробатиканын, гимнастиканын элементтери колдонулган. Ал тургай айрым фрагменттери комуз менен да аткарылган. Оюн ийгиликтүү өткөндүктөн, «Жаш Кыргызстан» Бүткүл союздук цирктин катарына кирет.

Эгемендүүлүктөн кийин союзду дүңгүрөткөн кыргыз циркинин абалы оорлошуп, жамааттын ыркы кетип, имараты гана сакталып турган жылдар болду.

Цирктин эмгек сиңирген артисттери гимнаст Мурат Акматов менен жаачы Жыпара Шамырованын кызы маданияттын отличниги, көркөм гимнаст Аида Акматова 24.kg агенттигине бир кездерде атагы алыска кеткен кыргыз цирки, учурда моралдык жана материалдык колдоого муктаж болуп турган маданий жай тууралуу айтып агынан жарылды. 

Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды
Фото Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды

— Акыркы кездерде цирктин айланасындагы ызы-чуулар жамааттын ишине таасирин тийгизсе керек?

— Албетте, таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок, цирктин иши үзгүлтүксүз уланууда. Чет жерге өнөрүн көрсөтүүгө камынган артисттерибиз даярдыгын улантышууда. Мисалы, жакында Сауд Арабияга фестивалга барышат. Четтен келген топтор болсо өз өнөрүн үзгүлтүксүз көрсөтүп жатышат.

Эми цирктин айланасындагы ызы-чуу көп жылдардан бери көтөрүлүп келип, быйыл Жогорку Кеңеште комитетте каралган соң, жаңы министирди чечкиндүү кадамдарга түрттү.

Коррупциялык көрүнүштөр боюнча кызматкерлердин дагы шеги бар эле. Ал боюнча тийиштүү органдарга айттык.

— Социалдык тармактарда сизди цирктин жетекчилигине көрсөтүү сунушу көтөрүлдү. Жетекчилик кызматка келет белеңиз?

— Цирк айланасында чуу башталаганда эле жаш артисттер менен татыктуу жана бул тармакты билген жетекчи келсе деген ойду билдирдик. Анткени 14 жыл аралыгында башка чөйрөдөн келген кишинин азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келдик. Биз чыгармачыл жамаат кыргыз циркин өнүктүрүү концепциясынын долбоорун жазып чыкканбыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо өзүм өсүп чоңойгон жамаат менен бирге концепцияны ишке ашырууга даярмын.

— Цирктеги кызматкерлеринин айлыгы канча? Азыр өнөрпоздор, жада калса опера ырчылары дагы тойдон акча таап калышты. Сиздерге да чакыруу түшөбү?

— Цирк артисттеринин айлыгы өтө эле аз. Маяна 2500-5000 сомдун тегерегинде. Маданият тармагында эң аз айлыкты биз алсак керек.

Бизди да тойго чакырышат. Барып турабыз. Анткени, акча керек. Көпчүлүк учурда тушоо той сыяктуу балдардын кечелерине чакыруу болот. Албетте ири той өткөргөн, акчалуу кишилер чакырышат.

Циркте 188 киши иштейт. Анын ичинен 45 артист, 11 оркестр, калганы жетекчилик жана техникалык кызматкерлер. Мисалы, Астана шаарынын циркинде 340 кызматкер болсо, анын 65 гана техникалык жана административдик кызматкер, калганы чыгармачылык топ.

Цирктин өзөгүн артисттер түзөт. Ошондуктан штаттык бирдикти карап чыгуу керек.

Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды
Фото Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды

— Кыргыз циркки чет жерге, же өлкө ичинде гастролго чыгабы?

— Кыргыз циркинин абалы өтө начар, колдоо болгон эмес. Эми ойлоп көрсөңүздөр, сатып алуулар порталынан атайын эсептеп чыктык, 2016-жылдын жарымынан 2018-жылдын аягына чейин күйүүчү майга 832 миң сомдон ашык коротуптур. Ошол эле учурда артисттердин костюмуна 56 миң сом, реквизиттерге 45 миң сом коротулуптур. Анан абал кандай болот деп ойлойсуздар?

Артисттер формаларын жана реквизиттерди өз акчасына сатып алат.

Чет өлкөлөрдө бизди баалашат. Гастролго чыгууга аракет кылабыз.

Чет жакка чакыруу келгенде, фестивалдарга катышуу үчүн, чыгымдарыбызды төлөп бергенде гана барабыз.

Ал эми өлкөнү кыдырып эле жүрөбүз. Мисалы, былтыр жайында көп аймактарда атайын шоу тартууладык. 

Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды
Фото Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды

— Сиз 8 метр бийиктиктен кулап кеткенсиз, азыр абалыңыз кандай? Дагы кандай кокустуктарга дуушар болдуңуз?

— Ал мезгилде мен чоң сыноону баштан өткөрдүм. Азыр талыкпас эмгектин аркасы менен ийгиликтерди жаратуудабыз. Албетте, артисттердин ар бир кадамы жана аткаруучу трюктары кооптуу.

Биздин артисттер камсыздандыруусуз иштейт. Өзүбүздүн коопсуздугубуз, ден-соолугубуз өз колубузда.

Жаракат алган артисттер саламаттыгы менен өзү күрөшөт. Эч кандай акчалай жардам жок. Андыктан бул тармакта энтузиасттар гана кармалып калат.

— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бутуңуз менен жаа атып көпчүлүктүн кызыгуусун жараттыңыз...

— Жаа атууга өтө кызыгам. Азыркы убакта «Салбуурун» федерациясынын мүчөсүмүн. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жамбы атуу боюнча күмүш медалдын ээси болдум.1998-жылы циркке жаа атуу боюнча дебютум болгон. Кыргызстандын тарыхында буту менен жаа аткан биринчи Светлана Козубекова эжекебиз болгон, андан кийинкиси мен. 

Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды
Фото Жаачы Аида Акматованын жеке архивинен алынды

— Шакирт таптап, окуучуларга өнөрүңүздү үйрөтөсүзбү?

— Чынара Мадимкулова, Алиса Аликова аттуу шакирттерим бар. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жаа атуу боюнча ийгиликтүү катышышты. Мындан башка цирк фестивалдарында байгелүү орундарды багындырып жүрүшөт.

— Циркте эмгектенген кызматкерлер башка цирк келгенде көрүүчү катары барасыздарбы?

— Албетте, анализ жүргүзүү үчүн барып турам.

Бизге жогорку деңгээлдеги программалар келе элек. Анткени алар миң сомдук билет менен чыгымын жаба албайт. Айрым программалар чыгаша менен кайра кетет.

Эң көп окулган жаңылыктар