03:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Цирк кызматкерлери директор чуусунан жапырт иштен кетип, митингге чыгат

Мамлекеттик кыргыз цирктин кызматкерлери мекеменин директорун дайындоодогу интригаларга каршы Ак үйдүн алдына саат 11:30да митингге чыгат. Бул тууралуу труппанын жетекчиси Данияр Болотбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Анын айтымында, цирктин труппасы толугу менен (34 киши) иштен кетүүнү чечкен. Буга коюлган талаптарга аткаминерлердин олуттуу көңүл бурбай жатышы себеп. 

«Цирктин жамааты ачык асман алдында оюн көрсөтүп, ушундай жол менен жаңы жетекчини дайындоодогу интригаларга каршылыгыбызды билдиребиз. Циркке жетекчи боло турчу бир катар талапкерлер пайда болгону бизге маалым. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жамаат толугу менен колдогон талапкерди дайындоону чоюп келе жатат», — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, цирктин жетекчилигине балетмейстер, кинорежиссёр, керек болсо мурда уурулук үчүн айыпталгандар да көрсөтүлүп жатканы айтылды.

Митингге чыга турчулар эми алардын талабын президент Сооронбай Жээнбеков өзү угуусун көздөп жатканын белгилешти.




Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума