11:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаев кызматтан кетти

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаев кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, цирктин башчысы кызматтан өз эрки менен кетти. «Мен кызматтан кетүү тууралуу арызды өз ыктыярым менен жаздым. Мени эч ким кызматтан бошоткон жок», -деди Курмангазы Исанаев.

Эске салсак, буга чейин цирктин артисттери Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго директорду кызматтан бошотуу тууралуу арызы менен кайрылышкан. Цирктеги эреже бузуулар тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары дагы айтып келишкен. Депутат Аида Касымалиева аталган маданий жайда жемкорлук гүлдөп жатат деп билдирген болчу. Анын сөзүн Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы тастыкташты, көп сандаган эреже бузуулар аныкталды.

Курмангазы Исанаев цирктин кызматкерлеринин айыптаган кебин угуп, мыйзамды бузган эмесмин деген жообун берген. Тескерисинче, анын бул кызматка келишинен мурда циркти ЖЧКга айландырууну каалашкан, бирок ал буга жол бербегендигин айтууда.

2016-жылы цирк бензинге 832 миң сом короткон, бирок мекеменин балансында унаа катталган эмес. Мындан тышкары 7-декабрда аталган жай эскирип калган жабдыктарды сатып алууга мыйзамсыз тендер жарыялаган. 24.kg агенттиги бул тууралуу маалыматты чыгаргандан кийин тендер өткөрүлбөй калган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби