23:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутаттар пленардык отурумга премьер-министрдин келбегенине нааразы болушту

Жогорку Кеңеште жаңы кодекстеги көп сандаган каталар жана келишпестиктер тууралуу талкуу жүрүүдө. Депутаттар пленардык отурумда премьер-министрдин жана министрликтин жетекчилиги жоктугуна нааразы болушту.

Депутат Наталья Никитенко билдиргендей, кечээ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда өкмөт башчы жана башка аткаминерлер келген эмес.

«Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, министрлер кабинети жана башка органдар комитеттин чечимин сыйлашы керек. Качан биз чоңдорду чакырганда, жөн гана аларды көрүш үчун эмес, стратегиялык маселелерди талкуулоого чакырабыз», -деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков соттук-укуктук реформа боюнча координациялык кеңештин төрагасы экенин айтып, баардык суроолорго жооп бере алам деди. Айтымында, премьер-министрдин буга чейин экономика тармагы боюнча түзүлгөн планы бар, мындан улам ал парламентке келе алган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар