07:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга айып салынды

Бишкекте унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган министрлик менен Ички иштер министрлиги өлкө аймагында биргеликте рейд өткөрүшүүдө.

Бүгүн Бишкектеги Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен 10дон ашык айдоочу кармалып, жеке жактарга 3 миң сомдон, юридикалык жактарга 13 миң сомдон айыппул салынды. 

Эске салсак, айыппулдар 30 күндүн ичинде банк аркылуу төлөнүшү керек. Эгерде белгиленген убакыт ичинде төлөмдөр ишке ашырылбаса, ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума