17:51
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда мыйзамсыз алынып келинген чиркегичи бар жүк ташуучу унаа аныкталды

Кыргызстанда мыйзамсыз алынып келинген чиркегичи бар жүк ташуучу унаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Wielton чиркегичи аткезчилик менен алынып келинген. Бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 2 миллион 171,7 миң сомду түздү.

Материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 2017-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткан фактылар аныкталган. Учурда камакта 120дан ашуун кымбат баалуу унаалар турат.

Эң көп окулган жаңылыктар