20:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Стол тенниси боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын биринчи туру өттү

Бишкекте «Карвен» борборунда стол тенниси боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын биринчи туру өттү. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңиш үчүн 105 спортчу ат салышты. Жогорку лигада Михаил Белоглазов биринчиликти алды. Экинчи орунга Закирян Абдулаев, үчүнчү орунга Азиз Кыдырбаев илинди.

Эске салсак, чемпионат 10 турдан турат. Экинчи тур 3-февралда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар