18:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 50 миң сомго чейин көтөрүү сунушталды

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга айыппулдун көлөмүн  жогорулатуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Исхак Пирматов айтып чыкты.

Депутат мас абалында унаа башкарган айдоочулар күбөлүгүнөн ажыратылабы деп кызыкты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, жаңы кодекс боюнча күбөлүктөн ажыратуу каралган эмес.

«Демек, 17,5 миң сомду төлөп коюп, андан ары ичип жол эрежесин бузса болобу? Каражаты барлар рулга мас абалында отура берет. Ар кандай пикирлер бар, айрымдары 17,5 миң сом көп дешүүдө. Бирок, айыппулду 170 миң сом кылса дагы аздык кылат. Мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу керек», -деди Исхак Пирматов.

Жеңиш Разаков мас абалда унаа башкаргандар үчүн айыпты көбөйтүүгө макул болду.

Рада Туманбаева мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 50 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар