02:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,4 пайызды түзөт

Бүткүл Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу Global Economic Prospects: Darkening Skiesдын январдагы докладында айтылат.

2020-жылы ИДПнын өсүшү 3,9 пайызга, 2021-жылы 4 пайызга жетет. Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкы 2019-жылы ИДПнын өсүшү 3,9 пайызга жетет деп божомолдойт. Ал эми Кыргызстандын Экономика министрлигинин 4 пайызга жетет деген божомолу бар.

2019-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүндө ИДПнын өсүшү 4,2 пайыз, 2020-жылы 4 пайыз, 2021-жылы 4,1 пайызга жетиши күтүлүүдө.

ЕАЭБ боюнча Кыргызстандын өнөктөштөрү арасында 2019-жылы ИДПнын эң жогорку өсүшү Арменияда (4,3 пайыз) күтүлүүдө. Андан кийинки орунда Казакстан 3,5 пайыз, Белорусия 2,7 пайыз менен турат. Эң аз өсүш (1,5) Орусияда күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар