12:46
USD 84.80
EUR 99.50
RUB 1.16

Депутат ички ИДПнын саноо ыкмасын өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары ички ИДПнын саноо ыкмасын өзгөртүүнү сунушташты. Мындай демилгени депутат Экмат Байбакпаев экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда көтөрүп чыкты.

Айтымында, ИДПны эсептөө көп суроону жаратат. Айрыкча мигранттардан келип түшкөн каражаттын болгону бир бөлүгү гана атайын ыкма боюнча ИДПга кошулат. Мындан тышкары Кыргызстан менен Кытайдын соодалашуу боюнча статистикалык маалыматында айырмачылыктар дагы бар.

«Эгерде биз Кытай менен статистикалык маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашууга кол койсок, анда чыныгы бажы төлөмдөрү ортого калкып чыгат. Анда ИДП такыр эле учуп калат болуш керек. Жакында эле Италиялык досум келип, көчөдөгү жолтандабастарды көрүп «силер жөн эле жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкө деп айтып жатасыңар» деди. ИДПны саноо үчүн ыкманы өзгөртүү керек, болбосо куйрук болуп артта жүрө беребиз», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар