16:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өлкөнүн ички дүн продукциясы 557,1 миллиард сомду түздү

Өлкөнүн ички дүн продукциясы 557,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда айтып берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, курулушта 7,8 пайыз, өнөр жайда 5,5 пайыз, айыл чарбасында 2,7 пайыз, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1 пайыз өсүш катталды.

«ИДПнын калктын жан башына бөлүнүшү 3 пайызга өстү. 2018-жылдын ичинде тышкы карыз 265 миллион долларга азайып, көлөмү 3,8 миллиард АКШ долларын түздү. Чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 миллион АКШ долларын түзүп, ошол эле учурда инвестициялардын чыгып кетиши 2017-жылга салыштырмалуу 27,7 пайызга азайган», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар