20:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жыл соңуна чейин ички дүң продукциянын көлөмү 2,8 пайыздык деңгээлде болжолдонду

2018-жылдын соңуна дейре ички дүң продукциянын көлөмү 2,8 пайыздык деңгээлде болжолдонууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь айынан тарта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжаларга чыга баштады. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде, Кумтөрдү кошпогондо, ИДП 2 пайызга өстү.

«Республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 миллиард сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 миллиард сомго көп болуп саналат. Бюджетти баланстоо максатында мамлекеттик органдардын чыгашалары: алсак, товарларды сатып алуу, күнүмдүк чыгымдар 4 миллиард сомго оптималдаштырылды. Бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,7 пайызга азайтылды», -деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар