16:44
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандыктар таэквондо ITF боюнча ачык чемпионатта жеңишке жетишти

Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн таэквондо ITF боюнча ачык чемпионатта жеңишке жетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
 
Мелдеш Алматыда 350 спортчунун катышуусунда болду. Анда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр ат салышты. Кыргызстандын атынан 5 спортчу катышты.
 

Өз салмак ченинде Руслана Барышева жана Эрбол Айбеков күмүш утуп алышты. Ильхами Абдимиталиев коло, ал эми Полина Горькова алтын жана коло медалдын ээси болду.

Эң көп окулган жаңылыктар